Дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маск Англиядагы "Манчестер Юнайтед" футболдук клубун сатып алат. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазды.
"Ошондой эле "Манчестер Юнайтедди" сатып алам, кош келиңиздер" деген билдирүү калтырган.
Маалым болгондой, клубдун азыркы ээси болуп америкалык Глейзерлер үй-бүлөсү эсептелет. "Манчестер Юнайтеддин" акыркы сезондордогу начар көрсөткүчү күйөрмандардын Глейзерлер үй-бүлөсүнө болгон нааразычылыктарын күчөттү.
Клубдун баасы 2,1 миллиард долларга бааланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн