Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Илон Масктын уулу расмий түрдө аты-жөнүн, жынысын өзгөрттү

24.06.2022 10:57
1089
Илон Масктын уулу расмий түрдө аты-жөнүн, жынысын өзгөрттү


Сот америкалык миллиардер Илон Масктын 18 жаштагы уулунун аты-жөнүн жана жынысын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырганын NBC News соттук документтерге таянуу менен билдирди.


Ксавье Маск уул болуп төрөлгөн. Апрель айында ал сотто гендердик өзгөчөлүгүнө жараша аты-жөнүн өзгөртүүнү талап кылган. Ошондой эле ал мындан ары биологиялык атасы менен жашагысы келбей турганын жана аны менен кандайдыр бир байланышта болгусу келбей турганын билдирген.


"Эч кандай каршылыктар болбогондуктан, аты-жөнүн өзгөртүү, жынысын өзгөртүүнү таануу жана жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү өтүнүчү канааттандырылды", — деп келтирген судьянын токтомун телеканал.


Ошентип, Ксавье Маск расмий түрдө Вивиан Дженна Вилсон аттуу кызга айланды. Миллиардер апасы Жастин Уилсон менен 2008-жылы ажырашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн