Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Имамдарга шайлоонун үгүт иштеринен аралашпоо эскертилди

28.08.2020 14:21
1188
Имамдарга шайлоонун үгүт иштеринен аралашпоо эскертилди


Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде облус казысы Руслан ажы Жумагулов райондун имамдарына жыйын өттү. 


Муфтияттын маалыматына караганда, жыйында акыркы 8 айдын отчёттору кабыл алынды. Муну менен катар облустагы диний кырдаал талкууланып, жума намазына болгон даярдык маселесине басым жасалды.


Ошондой эле облус казысы шайлоо жакындап келе жаткандыгына байланыштуу дин кызматкерлери үгүт иштеринен алыс болуусу керектигин эскертип, мечиттердин тазалыгы, ишембиликтерди өткөрүү, мечиттердин каттоосун тездетүү жаатындагы иш алып барууга чакырды.


«Жылдын башында кабыл алган пландарды ишке ашыруу максатында бардык аракеттерди күчөтөбүз. Бирок, мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык талаптарды так аткаруу жана аны көзөмөлдөөнү имамдарга тапшырдык. Жума намазынан кийин ар бир райондон отчёт алабыз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн