Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Иманалиев: Табыкем еврейдей айлакер, дунгандай иштерман, немистей так, кыргыздай сөзмөр эле

29.12.2020 12:06
635
Иманалиев: Табыкем еврейдей айлакер, дунгандай иштерман, немистей так, кыргыздай сөзмөр эле
Табыкем жөнүндө үч шиңгил
Бүгүн Табылды Эгембердиев 70 жашка чыкмак.
1997-жыл...

Асыл, жаратман инсан эле. “Кыргыз Агро” корпорациясына жетекчиликке ишкер адам издеп калдык. Мен Аскар Акаевге Табылды Эгембердиевди сунуш кылдым, ал дароо макул болду. Кийин Т.Эгембердиев Кыргыз рухуна күлдүрүп интервью берди. “Мени кызматка дайындап коюшуп, пара сурар бекен деп күттүм, эч кимиси эчтеке сураган жок. Бирок, аттиң мамлекеттик кызматка көнө албай койдум. Эртең менен ишке барам деп жатып эле “Шорону” көздөй кетип калам” деп күлдүрдү эле.

2010-жыл, 7-апрель...

Сегиз саат бою ок атуу болду, эл тайманган жок. Түнкү саат он бирде элге чыктым. Ыза болгон аянттагы эл буулугуп чарчап калыптыр. “Сиздерге эмне керек?” десем, “Суу...,” “Суу...,” “Суу...” деген үн угулду. Дүкөндөр талкаланган болчу. Эсиме Табыке келип, ага чалдым. Дароо үч миң бөтөлкө суусун берип, соопчулук эткенин кантип унутайын.

2014-жыл...

Табылды байке, Кеңеш Жусупов, Шалообек Дүйшеев, Нуралы Капаров болуп “Супарада” отуруп калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп, “ар бир “Супарадагы” боз үйгө ат берип, ысым ыйгарып койбойбузбу, мисалы үчүн, “Саякбайдын боз үйү, Карамолдонун боз үйү, Атайдын боз үйү” десем, ага идея абдан жакты.

Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тарттырып, бир боз үйүнө белек кылдым, күнү бүгүн да илинип турат.
Табылды байке, жаткан жериңиз жайлуу, түбөлүк уйкуңуз тынч болсун.
Ии, баса эки жылдан бери Жумадил байке менен ага-ини болуп табышып, катышып жүрөбүз. Өтө прогрессивдүү инсан экен. Байма-бай жолугуп турабыз.
Табылды байке, сиз баштаган улуу ишти Жаңыл жеңе бала-бакыра менен татыктуу улантып жатат.
Табыкем еврейдей айлакер..., дунгандай иштерман..., немистей так..., кыргыздай сөзмөр эле. Атаганат бүгүн кыргызга сиздей бир мыкты уул жетишпей турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн