Президент менен кез-кезде телефондон СМС жазышып калабыз. Булар күнү-түнү иштеп жатат. Мындай пикирин саясатчы Иманкадыр Рысалиев informator.kg сайтына берген маегинде билдирген. Анын айтымында, өлкө башчысы көптөн бери чакыра элек.
“Президент менен кез-кезде СМС жазышып калабыз. Чакырса барам. Бирок чакыра элек. Эми булар күнү-түнү иштеп жатат. Ал эми резонанстуу иштер болсо өзүмдүн оюмду, пикиримди айтам. Ага билимим, тажрыйбам жетет. Бирок ишине кийлигишпеймин”, - дейт ал.
Ошондой эле И.Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен илгерттен достук мамилеси бар экенин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн