Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Иманкулов Сауд Аравиянын Башкы штабынын башчысы менен жолугушту

20.01.2023 14:03
258
Иманкулов Сауд Аравиянын Башкы штабынын башчысы менен жолугушту

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сауд Аравиясы Королдугунун Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Фаяяз бин Хамад Аль-Рувайли менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздук маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаал, учурдагы эл аралык абал боюнча пикир алмашуу болду.

Чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык өнүгүү жаатында Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы практикалык кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Марат Иманкулов эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан аркы биргелешкен жемиштүү иштерге даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн