Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Иманкулов: Тажикстандын агрессияга даярданганы боюнча бизде алдын ала маалымат болгон

19.09.2022 15:40
412
Иманкулов: Тажикстандын агрессияга даярданганы боюнча бизде алдын ала маалымат болгон

Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Тажикстан эгемендүүлүк күнүнө даярдануу шылтоосу менен Кыргызстанга карата агрессияга даярданган. Бул тууралуу Марат Иманкулов түз эфирде билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстан тажик тарапты ал кадамынан кайтууга чакырган.


"Тажикстан 9-сентябрь эгемендүүлүк күнүн белгилөө шылтоосу менен чек арада окоп казып баштаган. Чек ара кызматы бул боюнча бизге маалымат жеткирген жана тажик тарапты бул аракетин токтотууга чакырган.

14-сентябрда тажик тарап чагымчылык уюштуруу үчүн такталбаган аймакка кирген. Мындан улам эки тарап ортосунда ок атышуу болгон.


Ал эми 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери чыккынчылык менен Кыргызстандын чек арасына кол салган",- деди Иманкулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн