Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Иманкулов нааразы партияларды бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды

29.11.2021 08:57
879
Иманкулов нааразы партияларды бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партияларды бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.


Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.


"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн