Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Үйлөр, имараттар кулады. Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды (фото)

06.02.2023 08:50
698
Үйлөр, имараттар кулады. Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды (фото)

Бүгүн, 6-февралда таңкы саат 4төр чамасында Түркиянын Газиантеп, Кахраманмараш региондорунда күчү 7, 4 баллга жеткен зилзала катталды.


Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, жер титирөөнүн кесепетинен бир катар үйлөр, имараттар кулаган. Ошондой эле унааларга да зыян келтирилген. Кыйраган үйлөрдүн астында адамдар болушу да мүмкүн. Куткаруучулар азырынча канча киш жабыркаганы тууралуу маалымат бере элек.


Жер титирөө Газиантепте күчү 6.4, 6.5 жана 6.6га жеткен жер титирөө 3 жолу кайталанган. Ал эми Кахраманмараштагы Пазаржыкта жер титирөөнүн күчү 7.4кө жеткен.


Президент Режеп Тайип Эрдоган өзгөчө кырдаалга байланыштуу региондун жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаал боюнча маалымат алууда.


Бул жер титирөө Дамаск, Латакия шаарларында да байкалган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн