Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 20:32
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Иммунитетти көтөрүү үчүн эмне кылуу керек? Үч негизги ыкма

01.07.2020 15:16
16642
Иммунитетти көтөрүү үчүн эмне кылуу керек? Үч негизги ыкма


Иммунитет – бул организмди бөтөн бактериялардан, вирустардан жана башкалардан коргой турган табигый реакция. Эгерде адамдын иммунитети төрөлгөндөн күчтүү болсо, ал ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере алат. Бирок андан тышкары жасалма жол менен алынган иммунитет болот. Буга байланыштуу оорубай, дайыма сак-саламат жүрүү үчүн адамдар иммунитетин чыңдашы зарыл.

Лондон университетинин окумуштуулары иммунитетти көтөрүүнүн ыкмаларын сунушташкан.


Иммунитетти  чыңдоо үчүн биринчиден туура тамактануу керек. Туура тамактанууда жашылча-жемиштер, витаминдүү азыктар көп болушу керек. Ошондой эле, кант, майларды, көмүртек жана алкоголду колдонууну жокко чыгаруу абзел. Иммунитетти лимон сыяктуу цитрус жемиштери жана помидор жакшы көтөрөт. Аларда С витамина көп. Ошондой эле сарымсак, миндаль, малина, бал, йогурт өтө пайдалуу келет.


Экинчиден тынч уйку. Суткасына 6-8 саат уйку үчүн бөлүү шарт. Жакшы уйку клеткалардын жаңылануусуна, алардын регенерация процессин тездетет. Бул өз кезегинде иммундук системаны чыңдап, балдардын, ошондой эле чоңдордун иммунитетин бекемдейт. 

Үчүнчүдөн стресс болбоо керек. Анын ден соолукка таасири бар – организмден керектүү ресурстарды тартып алып, иммунитеттин кескин төмөндөшүнө алып келет. Стрессти жеңүү үчүн стресске алып келген адамдардан оолак болуп, ашыкча ачуу келтирбестен, татаал жагдайлардан чыгууга үйрөнүү керек. Стресстин жоктугу – сиздин иммунитеттин жогорулашынын мыкты каражаты.

Элдик каражаттардан – мөмө жана чөптөрдөн демделген чайлар, витаминдүү шире, суусундуктар натыйжа берет. 

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Жамал
Койдун куйрук майын сызгырып алып тамак жасап жегенден иммунитет жакшырат.
Аяна
Туура эмеессс!!!
Kuba
Саламатсынарбы,иммунитет тушуп кеткенде кулак укпай калабы
Айзат
Эң сонун
Токтакунова Адинай
Иммунитетти котоуу