Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Инаугурация мыкты деңгээлде өттү. Садыр Жапаров мамлекетти өнүктүргөн президент болсун

28.01.2021 13:20
764
Инаугурация мыкты деңгээлде өттү. Садыр Жапаров мамлекетти өнүктүргөн президент болсун

10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен Садыр Жапаров бүгүн 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргызстандыктардын алдында ант берип, мамлекет башчысы катары кызматына расмий киришти. Ал өз сөзүндө өлкөбүздү өнүгүү багытына буруу үчүн чечкиндүү кадамдарга барып, күнү-түнү дебей бел чечпей иштөөгө даяр экенин билдирди. 


“5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык-калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумуш орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыз кылуу, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин”- деди ал. 


Ошондой эле ал өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, стабилдүүлүк алыскы жана жакынкы кошуна мамлекеттер менен ынтымакта болгондо гана ишке аша тургандыгында токтолду. 


"Кыргызстандагы саясий окуяларга байкоо салып, олку-солку болгон кырдаалда, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да, кыргыз калкына ак дилинен жардам берген коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз, тарыхыбыз, тагдырыбыз жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, тышкы саясатыбыздын приоритети" – деп белгиледи. 


Булардан тышкары тышкы саясатта Түркиянын, Кытайдын да ролу чоң экенин белгилеп, тышкы саясат көп векторлуу уланарын кошумчалады. Америка, Европа өлкөлөрү, БУУ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен да кеңири кызматташууга умтула турганын билдирди. 


Туура, «Жалгыз дарак токой болбойт» дейт элибиз. Өлкөбүздүн ар тараптан өнүгүшү үчүн тышкы саясатты да туура нукта жүргүзө билүү башкы милдеттерден болуп саналат. Андыктан Садыр Жапаровдун тышкы саясатты көп векторлуу жүргүзүү ниети мамлекетибиздин өнүгүүсүнө гана баштап барат. 


С. Жапаров калың элдин алдында жооп бере ала турган бийлик системасы керек экенине да токтолду. Мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн бийлик системасы – бул президенттик башкаруу болорун да кошумчалады. 


“Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу- калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Ошону менен бирге, президенттик башкаруу өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий, экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдөө, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет”, - деди ал. 


Президенттин инаугурациясы өтө кылдаттык менен мыкты деңгээлде уюштурулганына коомчулук күбө болду. Садыр Жапаров да президенттик кызматта отурган мөөнөтүндө кандай иштерди жасай турганын, аларды кантип ишке ашыра турганына терең ишеним менен аттанганы сезилди. Эң башкысы президент өзүнүн бул мамлекеттик эң чоң милдетти так аткарып кете аларына терең ишенет. Өзүнө ишенген президентке эл да ишеним артып отурат. Кыргызстандын чукул өзгөрүүгө кадам ташташына бурулуш жасаган акжолтой президент болушун гана каалайбыз. 30 жылдан бери кайда баратканыбызды билбей келаткан мамлекеттин таасын жолун көрсөткөн жол башчы болсун.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн