Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Инчхон-Бишкек түз авиакаттамы ачылат

26.04.2022 09:06
486
Инчхон-Бишкек түз авиакаттамы ачылат

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз аба каттамы ачылат. Бул туурасында Кыргыздын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова "T’Way" авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрүндө маалым болду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын 2023-жылы ачуу пландалууда.


Элчи Исмаилова эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи.


Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Гён, компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди.


Мындан тышкары "T’Way" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн