Бугу 21, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Индианадагы соода борборундагы атышуудан төрт киши, анын ичинде кылмышкер каза болду

18.07.2022 12:45
723
Индианадагы соода борборундагы атышуудан төрт киши, анын ичинде кылмышкер каза болду


АКШнын Индиана штатындагы соода борборунда куралчан жаран үч кишини атып салганын жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс Исон журналисттерге билдирди.


Атышуу Гринвуд шаарындагы соода борборунун фуд-кортунда болгон.


"Атуушудан төрт жаран каза болду, анын ичинде ок аткан дагы бар", - деди Исон. Дагы эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.


Полициянын маалыматы боюнча, кол салган кишини соода борборуна курал көтөрүп жүргөн адам атып өлтүргөн. "Кыязы, самариялык жаран ок ​​атууга күбө болуп, ок аткан адамды атып салган окшойт" - деди Исон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн