Индира Куралбекова Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты парламенттен тастыкташты.
Маалым болгондой, дайындоо тууралуу документке Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев кол койду.
Индира Куралбекова 1990-жылы туулган. Социалдык өнүгүү жана ишкерлик институтунда окуган.
Буга чейин Бишкек шаарындагы №4 кесиптик лицейдин директорунун орун басары кызматында иштеген. Парламенттик шайлоого "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер катары катышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн