Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Индия Кыргызстан менен көп тармакта кызматташууга кызыкдар

12.01.2023 14:07
318
Индия Кыргызстан менен көп тармакта кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илим жана билим берүү тармактарындагы кыргыз-индия мамилелерин ар тараптуу активдештирүү маселелерин талкуулашты.


Төраганын орун басары Кыргызстан Индиянын заманбап дүйнөдөгү ролун жана лидерлигин жогору баалай турганын белгиледи. Индиянын чоң жыйырмалыкка жана ШКУга төрагалык кылуу жылында бир катар эки тараптуу сапарлар пландаштырылууда, анын жүрүшүндө Бишкек кыргыз-индия мамилелеринин деңгээлин жана өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатууга умтулууда.


Өз кезегинде Арун Кумар Чаттержи өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн