Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Индия ТИМ башчысы менен Руслан Казакбаев жолугушту

11.10.2021 11:07
1068
Индия ТИМ башчысы менен Руслан Казакбаев жолугушту

 Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуусу өтүүдө.


Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев бир катар көп тараптуу уюмдардагы кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттерин туруктуу бекемдөөнү белгиледи.


“Мен айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын, ошондой эле маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн зарылдыгын баса белгилегим келет”, - деди ал.


Өз кезегинде Индиянын ТИМ башчысы министрге Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Белгилүү болгондой жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттерди жана кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулоону пландашууда.


Эскертке кетсек, Кыргызстан менен Индиянын ортосунданы дипломатиялык алакалар 1992-жылы 18-мартта түзүлгөн.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн