Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Индия бир жарым миллион доллар грант берет

11.10.2021 12:37
935
Индия бир жарым миллион доллар грант берет

Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга кайтарымсыз жардам берет. Тиешелүү меморандумга Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Джайшанкар кол коюшту.


Ошентип, Индиянын өкмөтү социалдык чөйрөдөгү тез ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн 1 млн 500 миң доллар каражат берүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар суммада жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралды.


Казакбаев белгилегендей, Кыргызстан Индия менен болгон мамилелерди жогору баалайт, ошого байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды бекемдөө зарыл.


Белгилей кетсек, Индиянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн