Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Индия киносун көрктөндүргөн актерлордун бири дүйнө салды

01.05.2020 18:28
891
Индия киносун көрктөндүргөн актерлордун бири дүйнө салды


Индия киносун көрктөндүргөн актерлордун бири дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  


Маалыматка ылайык, “Пинин жашоосу”, “Жакырчылыктан чыккан миллионер” тасмалары менен белгилүү, голливуд жана болливуддун дүйнөгө таанымал актеру Ирфан Кхан 54 жашында каза болгон.


Ал 53 жашында Лондондогу ооруканага жоон ичеги инфекциясы менен жаткырылган.  Кхандын өлүмүнөн бир канча күн мурда анын апасы каза болгон. Коронавирус пандемиясынан улам карантиндик шарттарга байланыштуу ал апасын жерге берүү  жөрөлгөсүнө катыша албай калган. Ал эми рак менен алышып жаткан Кхан өзүнүн акыркы мүнөттөрүн үй-бүлөсү, балдарынын айланасында өткөрүп кош айтышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн