Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Индия менен Кытайдын чек арасында акыркы 45 жылдан бери биринчи жолу 20 аскер курман болду

17.06.2020 11:36
1205
Индия менен Кытайдын чек арасында акыркы 45 жылдан бери биринчи жолу 20 аскер курман болду


Индия бийликтеринин билдиргенине караганда, Кашмир менен жанаша жайгашкан Ладакх провинциясында кытайлык аскерлер менен кагылышуунун натыйжасында индиялык 20 аскер курман болду.


Бул окуя аймакта индия-кытай чек арасын алмаштырып келген көзөмөл сызыгында акыркы 45 жылдан бери аскерлердин биринчи жолу өлүмгө учурашы болуп калды.


Буга чейин индиялык армия Галван өрөөнүндө үч аскер мерт болду деп маалымдаган, кечирээк алардын саны көбүрөөк экендиги белгилүү болгон. Бирок, бул аймакта эки тараптын атышууларын эч ким уккан эмес.


Маалыматтарга караганда, көзөмөл сызыгы начар демаркацияланган. Ошондуктан, 16-июндагы брифингде Кытай ТИМинин өкүлү Чжао Лицзянь индиялык аскерлер ушул дүйшөмбүдө көзөмөл сызыгын эки ирет кесип өтүшкөн деп айтты.


Өз кезегинде Индиянын тышкы иштер министрлиги өткөн аптада кол коюлган көзөмөл сызыгын урматтоо жөнүндө макулдашууну бузуп жаткандыгы үчүн Кытайды айыптады.


Кошумчаласак, бул көзөмөл сызыгы 1962-жылдагы жаңжалдан кийин жүргүзүлгөн. Акыркы ирет индиялык жана кытайлык аскерлердин ортосундагы олуттуу кагылышуу 2017-жылы болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн