Кечээ, 25-июнда Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингхтин жана анын биринчи орун басары Аджай Кумардын, ошондой эле индиялык жогорку даражалуу аскерийлердин Москвага үч күндүк сапары жыйынтыкталды жана бул индиялык аскердик делегациянын коронавирус пандемиясы башталгандан берки биринчи жолку чет өлкөгө чыгуусу болуп калды.
Албетте, бул сапардын башкы максаты - Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттарга катышуу деп жарыяланган менен министр Раджнатх Сингх Москвада РФнын вице-премьер-министри Юрий Борисов, Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев жана “Рособоронэкспорттун” жетекчиси Александр Михеев менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Сапар алдында Делидеги булактарына шилтеме жасаган Bloomberg агенттиги индиялык делегация Москвадан россиялык куралдардын берилишин тездетүүнү суранат деп маалымдаган эле. Москвадагы сүйлөшүүлөр бул маалыматты чынында эле тастыктады.
Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айында Индия Россиядан 5 млрд долларга беш даана С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алуу жөнүндө келишимге кол койгон жана анын биринчи траншы катары өткөн жылы 800 млн долларын алдына ала Россияга которуп да берген. Быйыл март айында Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев “Интерфакска” берген интервьюсунда Дели ракеталык комлекстердин биринчи системасын 2021-жылы алат деп айткан эле. Контракттын мөөнөтү 2024-жылга чейин – Индия жылына бир даанадан С-400 ЗРКсын жөнөтүп турат.
Москвадагы соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин Дели С-400 ЗРК системасынын алгачкысын ушул жылдын аягына чейин алууга үмүт арта баштады. С-400 келерки жылдын 26-январында Индия Республикасынын Күнүнө карата Делиде өтүүчү аскердик парадга катышып калыш мүмкүн.
Мындан тышкары Индия 650 миллион долларга 21 даана МиГ-29 жана 12 даана Су-30МКИ самолётторун сатып алууга ниеттенүүдө, арийне бул боюнча келишимге кол коюла элек.
Индия үчүн аталган согуштук куралдарды жана техникаларды тез арада алуу абдан маанилүү. Анткени, Кытай жана Пакистан менен чек араларда абал курчуп турат. Буга чейин 16-июнда Кытай менен Ладакхадагы көзөмөл сызыгында эки тараптуу кагылышта индиялык 20 аскер курман болгондугу маалымдалган.
Ошодуктан, Делинин кубаттуу куралдарга ээ болууга умтулуусунун стратегиялык эсеби бар: Пакистан америкалык F-16 Block 52 самолётторун сатып алды, ал эми Кытай Аскер аба күчтөрүн өз өндүрүшүнө таандык бешинчи муундагы J-20 самолёттору менен куралдандырууда. Мындай дисбаланс Индия С-400 комлекстерин колго алгандан кийин жоюлат. С-400 каршылаштарынын самолётторуна алыстан эле байкоо салууга мүмкүндүк алат.
Курал берүү боюнча келишимдердин тездетүү аракеттери тууралуу Кытай тарап азырынча расмий пикирин билдирген жок. Арийне, Кытай Коммунисттик партиясынын расмий органы “Жэньмин жибао” гезитинин орус тилиндеги аккаунтунда “Индия россиялык-кытайлык достукту сыноодон өткөрөбү?” деген тема алдында комментарий жарыяланды. “Эгерде Россия кытайлыктар менен индиялыктардын жүрөгүн жылыткысы келсе, учурдагыдай кыйчалыш маалда Индияга курал-жарак бербей эле койгону дурус. Азиялык эки держава Россиянын эң жакын стратегиялык өнөктөштөрү” деп жазды “Жэньмин жибао”.
Кошумчаласак, Кытай Россиядан буга чейин эле алты даана С-400 системасын сатып алган. Сыягы, Кытай ошону үчүн Индиянын да мындай куралга ээ болуусун каалабайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн