Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Индияда 28 жаштагы кыргыз келин менен анын уулу бычакталган

22.09.2021 17:58
1057
Индияда 28 жаштагы кыргыз келин менен анын уулу бычакталган

21-сентябрда эртең менен Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз аял менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Полициянын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мыскал Жумабаеванын беш айлык боюнда бар экени белгилүү болгон. Аны менен уулунун сөөгү бычакталган абалда досунун батиринен табылган. Бул кылмыш киши өлтүрүү фактысы катталып, бирок полиция азырынча эч кимди кармай элек. Тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.


Полициянын айтымында, 21-сентябрда Мыскал Жумабаева күйөөсү Винай Чаухан менен урушуп кеткен. Андан кийин ал досу, Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмонова менен жолугуу үчүн үйүнөн чыгып, Мадмусмонованын үйүнө барган.


Эртең менен гана алардын сөөгү табылган. Учурда полиция шектүүлөрдү суракка алып, далилдерди чогултуу үчүн видеокөзөмөл камераларын да карап жатканы белгилүү болду.


Булак: Супер.кг

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн