Индияда Tik tok тиркемесин колдонууга расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Индия өкмөтү Tik tok тиркемесинен сырткары 48 тиркемени колдонууга тыюу салган.
"Өкмөт бул компаниялардын кызмат коопсуздугу үчүн берген түшүндүрмөлөрүнө канааттанбайт. Тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет. TikTok тиркемесинен сырткары WeChat, Weibo блогу, Clash of Kings оюну жана башка тиркемелерин колдонууга тыюу салынды",- деп билдирет Индия бийлиги.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн