Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Индияда адамдар коронавируска каршы дары катары уйдун тезегин үстүнө сүртүүдө (фото)

11.05.2021 16:48
1566
Индияда адамдар коронавируска каршы дары катары уйдун тезегин үстүнө сүртүүдө (фото)

Индиядагы дарыгерлер уйдун тезегин коронавирустун "дарысы" катары колдонбоону эскертишүүдө. Дарыгерлер тезекти колдонуп, башка жугуштуу вирустарды жуктуруп алуу коркунучу бар экендигин белгилешти. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги билдирди.


Коронавирус пандемиясы Индияга чоң зыян келтирди. Учурда өлкөдө 22,66 миллион адам оору жуктуруп, 246 116 өлүм катталды. Адистер чыныгы көрсөткүч 5-10 эсе көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттар жана дарылар жетишсиз болгондуктан өлүм көп катталууда. 

Индиянын батышындагы Гужарат штатында кээ бир адамдар коронавируска каршы иммунитетин көтөрүп же калыбына келүүсүнө жардам берет деген үмүт менен жумасына бир жолу денесине уйдун тезеги жана заара менен сүртүнүп турушат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн