Индияда коронавирус биринчи жолу жапайы жаныбарлардан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү зоопарктардын биринде сегиз арстандан коронавирус аныкталган.
Алардын төртөө эркек жана төртөө ургаачы арстандар.
Жаныбарларда табиттин жоголушу, мурундун агуу, жөтөл сыяктуу белгилер байкалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн