Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Индияда буту-колун байлап, тирүүлөй көмүп салган адам аман калды

03.06.2020 13:51
1050
Индияда буту-колун байлап, тирүүлөй көмүп салган адам аман калды


Индиялык Гондал Капил Маракана тирүүлөй көмүп салган жерден өз алдынча чыгып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, мурда жумуш берген адам жабыр тарткан кишиге иштеп жүргөндө чыгымга душар кылганын айтып, тааныштары менен аны уурдап кетип сабаган. Андан соң буту-колу байланган боюнча кылмыш болгон жерге таштап, көмүп салышкан.


“Маракана кумдун астында тебинип жатып бир бутун бошотуп алган. Бир нече аракетинен кийин тирүүлөй көмүлгөн жеринен чыгып кеткен”, - деп укук коргоо органдарынан билдиргени айтылат.


Жабырлануучу окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жайгашкан абакка жетип, болгон окуяны полиция кызматкерлерине айткан. Ал эми шектүүлөр кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн