Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Индияда карантинди бузган туристерди “кечирип койгула” деп 500 жолудан жаздырды

13.04.2020 09:42
902
Индияда карантинди бузган туристерди “кечирип койгула” деп 500 жолудан жаздырды


Индияда карантиндин тартибин бузган 10 туристти, жаза иретинде “кечирип койгула” деп 500 жолудан кайталатып жаздырды. Бул тууралуу RepublicWorld басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, окуя 11-апрелде Ришикеш шаарында орун алган. АКШ, Израил, Австарлия жана Мексикадан барган туристтерди Ганг дарыясынын жээгинде себепсиз сейилдеп жүргөндө кармап алышкан.


Ошондой эле, полиция кызматкерлери мейманканаларга туристтерди жергиликтүү коштоп жүрүүчүлөрсүз сыртка чыгарбоого буйрук берилгени айтылат


Учурда Индия да коронавирус илдетин жуктуруп алгандар 8 500 адамга жакындаган. Оорудан 273 бейтап көз жумган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн