Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Индияда коронавирустун жаңы түрү катталды

29.12.2020 16:56
766
Индияда коронавирустун жаңы түрү катталды

Улуу Британиядан Индияга кайтып келген алты адамдан коронавирустун жаңы түрү табылды. Бул тууралуу Индиянын Cаламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.


"Илдеттин жаңы түрү табылган бейтаптар медициналык мекемелердеги камераларга киргизилди. Алар менен байланышта болгондор карантинге алынып, ал эми бирге учуп келген жүргүнчүлөрдү аныктоо иштери башталды", — деп жазылат маалыматта.


Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 25-ноябрдан 23-декабрга чейин Улуу Британиядан Индияга 33 миңге жакын жүргүнчү келгенин кабарлаган.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы түрү бир нече өлкөдөн табылганы маалымдалды

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн