Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Индияда ондон ашык кыргызстандык камалды

02.05.2020 16:26
1472
Индияда ондон ашык кыргызстандык камалды

 

Индияга дааватка барган ондон ашык кыргызстандык камалды. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине атын атагысы келбеген окурман билдирди.


“Кыргызстандан Индияга дааватка барган ондон ашык адамды камап коюптур. Алардын бири мага телефон аркылуу билдирди. Ал эми кайсыл шаарында экенин сураган жокмун. Алар Кыргызстандан январь айынын башында кетишкен”, - деди окурман.


Эске салсак, буга чейин Индияда чет жактан келген Таблиги Жамаатынын мүчөлөрүн обсервациядан чыккандан кийин убактылуу камап жатканы айтылган.


Ошондой эле Кыргызстандын сегиз жараны Индиянын Бидар шаарында виза режимин бузуп кармалганы айтылган. Алар туристик виза менен диний иштерди аткарып жүрүп кармалышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн