Индиянын түндүк тарабында жайгашкан Жайпур шаарындагы жаштар өздөрүн сүрөткө тартып жаткан учурда чагылган түшүп, каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 11-июлда Жайпурдагы тарыхый имараттын үстүндө болгон.
Окуядан 11 жаш курактагы улан-кыздар каза болгон. Жалпысынан 27 адам жаракат алган. Айрымдары бийик имараттан секирип кеткен.
Индия өкмөтү каза болгон жаштардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берерин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн