Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Индияда роботтор коронавирус менен күрөшүүдө

16.11.2020 12:49
674
Индияда роботтор коронавирус менен күрөшүүдө

Индияда коронавирус менен күршөүү үчүн роботтор жардамчы болууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. 

Индия коронавирус жуктургандардын саны боюнча экинчи орунда турат. Көп адамдар ооруга чалдыгып жаткандыктан. Министрлик роботторду медиктерге жардамчы катары колдоно баштаган. 


Жергиликтүү Invento Robotics компаниясы ар түрдүү робот иштеп чыккан. Алар имаратты дезинфекциялап, бейтаптардын суроолоруна жооп берип жана дарыгерлер менен видео аркылуу кеп-кеңеш берүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Эң популярдуу үлгүдөгү роботко Mitra деген аталыш берилген, бул хинди тилинен "дос" деп которулат. Баасы 10 миң доллардын тегерегинде. Ал Жүзүнөн таануу технологиясын колдонуу менен өзү тейлеген бейтаптын атын эстеп кала алат. Ошондой эле төшүнө кадалган видеоэкран жана камераны колдонуп ооруканада жаткандарды үй-бүлөсү жана дарыгерлер менен байланыштырат. 

Мындан сырткары коронавирус симптомдорун текшерип келгендерге жардам көрсөтүүдө жана даргерлерге көмөк көрсөтүп жатканы айтылган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн