Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Индияда салмагы 22 килограмм, 85 жаштагы аял коронавирусту жеңди

16.05.2020 15:16
837
Индияда салмагы 22 килограмм, 85 жаштагы аял коронавирусту жеңди


Индияда салмагы 22 килограммды түзгөн  85 жаштагы аял коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу “The Hindu” басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, ал аялдан COVID-19 вирусу апрель айынын аягында аныкталган. Анын өнөкөт оорулары жок болгондуктан коронавирус жеңил формада өткөн. Адистер бейтаптын абалына 12 күн көзөмөл жүргүзүп, толук сакайганда үйүнө жөнөткөн.


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы берген маалыматына караганда Индияда вирус жуктуруунун 82 миңден ашуун учуру катталып, 2600дөн ашуун адам көз жумган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн