Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Индияда табият кырсыгынан кеминде 80 адам набыт болду

22.05.2020 14:45
1020
Индияда табият кырсыгынан кеминде 80 адам набыт болду


Индиянын Батыш Бенгал аймагында "Ампан" циклону (куюн мүнөздүү ири масштабдагы атмосфераралык көрүнүш) жүрүп, анын кесепетинен кеминде 80 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, "Ампан" циклонунан Калькутте аймагында 19 адам, айылдарында 61 киши каза болгон.


Жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө 250 миң рупий (3,3 миң доллар), штатты калыбына келтирүү үчүн 10 миллиард рупий (133 миллион доллар) өлчөмүндө фонд түзүлгөн. 


Өткөн ишембиде Бенгал булуңунда башталган "Ампан” циклону шаршемби күнү Батыш Бенгал штатынын кургак аймагына жетип, ылдамдыгы секундасына 125 чакырымга жеткен. Анын кесепетинен дарактар кулап үйлөрдү, унааларды басып калган. Мындан сырткары айрым аймактарды суу каптаган.


Жаратылыш кырсыгы келтирген жалпы чыгым 1 триллион рупийди (13,3 миллиард доллар) түзөрүү болжолдонууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн