Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Индияда жаңы төрөлгөн ымыркай сөөгүн жерге берерде ыйлап жиберди

13.07.2020 15:52
1255
Индияда жаңы төрөлгөн ымыркай сөөгүн жерге берерде ыйлап жиберди


Индиянын Раджастан аймагында дарыгерлер каза болду деп тапкан жаңы төрөлгөн кыз сөгүн жерге берерде ыйлап жиберди. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазылып чыкты.


Маалыматка ылайык, кыз төрөлгөндө эле аны дарыгер өлүк деп айткан. Медайым аны маркумдарды салуучу баштыка ороп апасына берген.

 

Аны жерге бергенге даярдап жатканда көзүн ачып жана ыйлап жиберген. Жакындары тез жардам унаасын чакырып, бирок ал бир жарым сааттан өтүп келген. Ымыркай дарыгерлер келгенче көз жумган.


Маркумдун жакындары медицина кызматкерлерин шалаакылыкта айыптап жатат, бирок бейтапканадан айыптоолорду четке кагып, ата-энеси мекемеден ымыркайды өлгөндүгүн аныктаган кагаз албай кетип калганын айткан.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бирок
Сволучтар десе. Камаш керек