Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:38
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Индиянын борбор калаасында температуранын жаңы рекорду катталды

30.05.2024 12:58
3283
Индиянын борбор калаасында температуранын жаңы рекорду катталды


Индияда рекорддук ысык катталды. Делиде абанын температурасы айрым жерлерде +52,3 градуска чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү Hindustan Times гезити жазат.


Бул шаарда буга чейин катталган эң жогорку температура. Ал эми анын чет жакаларын Ражастандан келген ысык шамал каптаган. Делиде аба ырайы боюнча кызыл эскертүү жарыяланды.


Температура мындан ары да жогорулашы күтүлүүдө.


Кошумчалай кетсек, Делинин түндүк-батышында Мангешпур жана Нарела чет жакаларында абанын температурасы +49,9 градуска чейин көтөрүлгөн. Бул райондо 2022-жылдын май айынан берки эң жогорку температура экени белгиленет: анда бул көрсөткүч +49,2 градусту түзгөн.


CNN жергиликтүү бийликтерге шилтеме жасап, өз кезегинде Делинин айрым аймактарында суу менен камсыздоо кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын, ал эми айрым жерлерде суу таптакыр жок экенин белгилейт. Адатта күнүнө эки жолу суу алган аймактар ​​эми аны күнүнө бир жолудан алышат, анткени суу аз же такыр жок аймактарга багытталат.


Индияда буга чейин эң жогорку температура 2016-жылдын май айында катталган, анда термометр Раджастхандагы Фалодиде 51 градуска жеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн