Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Инфодемия пандемияга караганда коркунучтуу

09.04.2020 13:05
1177
Инфодемия пандемияга караганда коркунучтуу


Инфодемия деген эмне?

Коронавирус эпидемиясы менен катар дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда башка да вирустар таралууда – маалыматтык ушактар, фейк билдирүүлөр жана бурмаланган маалыматтар өлкөдө байма-бай жүрүп жатат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай түшүнүктөрдөн улам “информациялык эпидемия” терминин киргизди. Окумуштуулар расмий билдиргендей, жаңы вирус тууралуу маалыматтардын күн мурунтан таралышы жана анын кесепеттери коронавирус илдетинин өзүнөн дагы коркунучтуу болушу мүмкүн. Албетте санариптик дезинформация эч кимге жукпайт деңизчи, бирок элди дүрбөлөң түшүрүп, агрессивдүү маанайга алып келиши ыктымал. Ал эми пандемиянын алдында бул адамдын өлүмү жана өмүрү тууралуу маселе турат.


- Кризис маалында ушактар жана жалган маалыматтар дайыма суроо-талап менен колдонулат, дейт Вашингтон университетинде кризистик информатика жана кризистик коммукацияларды изилдеген профессор Кейт Старберд. Ал адамдар качан өзүнө ишенимдүү эмес экенин сезгенде жана корккондо алар абалды жакшыраак баалаш үчүн болушунча көп маалымат алууга аракет жасашат. Мурда эмнени билгиси келсе ал тууралуу азыр өзү каалагандан да көп маалымат ала алат. Проблема маалыматтын көптүгүндө турат. Бул абалда эл кайсы булакка ишенүү керектигин билбей калат.


Кыргызстандагы инфодемия

Кыргызстан бүгүнкү күндө инфодемиянын бир топ толкундарын башынан өткөрдү. Башында жалган маалыматтарды таратуучулар ар бир облустарда коронавирус илдетине байланышкан такталбаган кабарларды билдирип жатышты. Мунун арты менен азык-түлүк базарларында, дарыканаларда, супермаркеттерде ажиотаж пайда болду. Эми болсо ошол эле адамдар Кыргызстандын экономикасына пессимистик боёк менен эмоционалдуу болжолдоолорду айтышууда.  


Ал эми укук коргоо органдары информациялык вирустарды таратуучулар менен жигердүү күрөшүп жатат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлкеттик кызматы 10дон ашык жалган билдирүү тараткан адамды кармады. Алар коомчулуктан ачык кечирим сурашты жана алардын мындай аракеттерине юридикалык баа берилмей болду.


Кыргызстан инфодемиянын төмөндөгү белгилерине (симптом) кезигип жатат

Коронавирус илдетинин реалдуу абалы тууралуу такталбаган маалыматтардын таралышы;


Вирустун келип чыгышы тууралуу ойдон чыгарылган теориялар;

Коронавирустун кооптулугу жок, бул дүйнөлүк афера, аны менен расмий кыргыз бийлиги да аралашкан деген пикирдин түзүлүшү;


Жеткиликтүү маалыматтарга эмоционалдык боёк берүү;


Дарылоо методдору тууралуу фейк билдирүүлөрдүн таралышы (дары-дармек, сарымсак, имбирь жана башка)


Илдетти алдын алуу методдору боюнча такталбаган маалыматтар.


Бул саналгандардын акыркы эки пункту коомчулук үчүн өзгөчө кооптуу. Анткени ооруп жаткан адамдарды дарылоо же алдын алууда туура ыкманы тандоодо адамдардын башын айлантат.  


Мамлекеттен берилген инфодемия


Кыргызстанда журналисттерге аккредитация берүүгө тыюу салынды. Учурда өлкөдө маалымат алуунун жалгыз булагы – бул республикалык штаб, комендатура жана башка мамлекеттик органдар болуп саналууда. Коронавирусту чагылдыруу боюнча иштер абдан жумшак жана аяр ыкмада жүргүзүлүп жатат.


Ар дайым маалыматтарды толук айтпоо, жымсалдоо, жашыруу жана айрым жетишкендиктерди көбүртүп-жабыртып айтуу калк арасында расмий маалымат булактарына болгон ишеничти жоготуп баратат.


Аймактарда ооруну жугузуп алгандар жана айыгып чыккандардын санын адаштырып жатышат, жетекчилердин бул боюнча берген маалыматтары бири-бирине каршы келет.


Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан Бишкек шаардык комендатурасы сынга кабыла баштады. Комендант А.Орозалиев брифингде кургак сандар боюнча маалыматтан бөлөк эч нерсе айтпайт, чындыгында кармалгандардын саны эч кимге кызык эмес. Ал эми шаар тургундарынын суроолоруна жооп бербейт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын коменданттары күн сайын бир саат аралыгында аймак тургундарынын суроолоруна түз жооп берип турушат, деген пикирлерди айтып чыгышты.


Республикалык штаб акыркы учурга чейин дүкөндөрдө азык-түлүккө болгон баалардын өспөгөндүгүн айтып келди. Бирок чындыгында баалардын жогорулап жатканын моюнга алууга болот, мисалы: ун, имбирь, гречка, сарымсактар кымбаттап кеткени тууралуу элдер реалдуу картиналарды бир канча жолу беришти.


Саламаттыкты сактоо министрлигине эч ким ишенбейби?


Көбүнчө сындарга Саламаттыкты сактоо министрлиги кабылат. Башында брифингдерге министрликтин өкүлү Айнура Акматбаева чыгып маалымат берип, суроолого “мен тактайынчы, кийинки жолу тагыраак маалымат берейин” деген гана жоопторду айтып, абалдан кабары аз экенин билгизчү.


Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы келген жетекчи Сабиржан Абдикаримов дагы алгачкы сөз сүйлөөсүндө эле конфуза менен чыккан, бирок ал сөздөрү деле “кооз” экенин көрсөттү. 8-апрелде кезектеги брифингде дароо такталбаган, элди дүрбөлөң маанайга түшүргөн маалыматтарды берди. Атап айтсак, министр Жалал-Абад облустук жугуштуу оорулар ооруканасы ал жерде иштеген кызматкерлердин баары вирус жугузуп алгандыктан оорукана толук жабылды, деген билдирүүнү айтып, социалдык түйүндөрдө элдер катуу тынчсызданган абалда болуп, бир топ талкууну жаратты.


Бактыга жараша чыныгы абал андай эмес экендигин Жалал-Абад облустук штабдын жетекчисинин орун басары Урмат Боржуев айтып, министрдин билдирүүсүн жокко чыгарды. Анын айтымында, Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү жабылган эмес, жөн гана дезинфекциялык иштер гана жүргүзүлгөн. Азыр оорукана жаңы бейтаптарды кабыл алууга даяр.


Боржуев кошумчалагандай, аталган ооруканада санитардык медицина кызматкерлеринен гана коронавирус аныкталган, калгандары ооруган жок. Смен алмашкандан кийин алар 14 күндүк обсервацияга жиберилет.


Ушул эле брифингде министр жугузуп алган адамдардын санын чаташтырып алды жана өлгөн адамдардын санын 4 деп айтам деп 24 деп, адегенде адамдардын катуу чочулоосун жаратты. Алып баруучу Чынгыз Эсенгуловдун тактоо ирээтинде берген суроосунан кийин гана каза болгондор 4 адам деп айтты. Ал эми орусча сүйлөп жатып, вирус аныкталгандардын санын 270 деп айтам деп 170 деп айтты. Обсервацияда жаткандардын саны 1097 болушу мүмкүн, министр болсо 10097 деп маалымат берди.


Мындан тышкары айыгып чыккан адамдардын саны да так эмес. 33 адам айыгып чыкканы айтылган. 8-апрелде болсо 25 кишинин сакайганын айтты.

 

      Бул эмне үчүн маанилүү?


Расмий булактарга болгон ишенич төмөндөгөн учурда эл мындан ары эмне кылышты билбей, дүрбөлөң окуялар чоң зыян алып келиши мүмкүн. Мамлекет тарабынан айтылган бардык актануулар тескерисинче алардын аракеттерине эл арасында сигнал катары кабыл алынып жатат. Азык-түлүк маселелеринен көйгөй жаралбайт, тартыштык болбойт, алдын ала ун азыктарына чуркоону кажети жок дегени менен дүкөндөрдө текчелер бош турат.

Ошондуктан республикалык штаб эл арасында аларга болгон ишеничти кайра калыбына келтирүү боюнча тез арада чара көрүүсү керек.

Эмне кылуу керек?

Мындай учурда өкмөт жетекчилери элге ишенимдүү жана макулдашылган маалыматтарды бериши керек. Республикалык штаб баяндама жазуудан мурун ар бир санды тактап, текшерип, башка мекемелер менен макулдашып туруп, так бериши керек. Ал үчүн штабдын аппараты, маалымат катчысы менен Министрлик профессионалдык кадрларга толукталышы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн