Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Иниси каза болду. Бишкекте иниси менен уруша кетип бычактап, ооруканага алып келген жаран кармалды

20.12.2021 16:02
523
Иниси каза болду. Бишкекте иниси менен уруша кетип бычактап, ооруканага алып келген жаран кармалды

Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу  Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


16-декабрда милицияга ооруканадан бычактан алган жаракатынан улам каза болгон бейтап тууралуу билдирүү түшкөн.


Ооруканага тергөө-ыкчам тобу барып, ошол күнү Рылеев көчөсүндөгү үйүнүн жанында 1988-жылы туулган И.А. менен улуу агасы 1980-жылы туулган А.И. уруша кеткендигин аныкташкан. Натыйжада А.И. бычак менен тууганын жарадар кылып, андан соң унаасы менен ооруканага жеткирген. Бирок Бишкектин тургуну жолдо эсине келбей каза болгон.


Аталган факты Жазык кодексинин 122-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.


Шаардык милициянын №2 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга СИЗО-1ге камалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн