(Очерк)
“Чыныгы улуу адамдар улуу болуп төрөлбөйт, алар өздөрүн улуу эмгектери менен улуу кылат”.
(Франческо Петрарка 1304-1374)
1. Мен илимдеги иреттүүлүктү Эсенбек агайдан үйрөндүм
Ушул саптарды жазууга бел байлап, үстөлүмө отуруп, компьютеримди жандырганымда Эсенбек агайды биринчи ирет качан көргөнүмдү көз алдыма келтирдим. Анда мен филфакты бүтүп, айылымда жети жыл мугалимдик кылып иштеп, кийин КирНИППке (азыркы Кыргыз билим берүү академиясы) келип иштеп калган кезим болчу. 1989-жыл бекен, институтта окумуштуулар кеңеши болуп калды. Ошондо субагай келген, бою чакан, чепеңдеп кыймылдаган, галстугун кычырата байланган сулуу жигит диссертациялык ишинин жыйынтыгы тууралуу айтып, эксперименттик иштери жөнүндө отчет берди. Көрсө, докторлук ишин жазып жүргөн мезгили экен. Сулуу кой күрөң чачын оңго тарап, орусча-кыргызча таза сүйлөп, Л.Шейман, М.Балтабаев сындуу педагогика илиминин көзүрлөрүнүн суроолоруна тыкылдата жооп берип, бизге окшогон сарооз балапандардын оозун ачырган.
Эсенбек Мамбетакунов деген окумуштуу инсанды ошондо көргөнүмдү эстедим. Ошондон кийин Ысык-Көл аймагына бирге командировкага барып, мектеп аралап, мугалимдердин сабактарына катышып, институттун көчмө кеңешмелеринде бирге болуп, жакшы ниетте баарлашып жакындап калдык. Анан бат эле институтка директордун орун басары болуп (анда директор И.Бекбоев агай болчу) иштеп калды. Илимий изилдөө иштерибизге такай көз салып, кабинетине кире калганда элпек мамиле жасап, тоңмоюн начальник деген сапат такыр эле жок, илимий даражабыздын жоктугуна карабай кээде кеңешип, кээде кеңештерин айтып жүрдү.
Айрыкча мен кандидаттык ишимди коргоого жакындап калганда көп баарлаштык. Илимдин сырын үйрөтүп, илимий иштин темасынын олуттуулугу, ичиндеги ар бир параграфынын илимий салмагы, ачык-айкын концепциясы, ар бир ойдун оригиналдуулугу, илимге илимий мамиле жасоо, иреттүүлүк, макалалардагы шилтемелердин максаттуулугу, ар бир туюнтма-эрежелердин илимийлүүлүгү, алтургай стилдик жактан туура жазуу, сүйлөмдүн ички логикасын туура түзүү тууралуу шашпай түшүндүрөр эле. Анан тексттердеги каталарды шашпай мугалим сыңары белгилеп чыгып, аягында жылмайып, “лирик жазат, а физик оңдойт” деп жумшак юмор менен жайлап коёр эле. Мага ошол сөз эле жетиштүү болчу. “Кээде айрымдар жазат деп эле саман-топондорду аралаштырып, “белчесинен суу куйган, кургак жел менен үйлөп толтурган” макалалар, илимий эмгектер болорун айтат, ошондо “кагаз чыдайт, бирок окуганга адам чыдабайт” деп койчу.
Эсенбек агайдын кол жазмасы баарыбызды таңкалтырчу. Айрым өз кол жазмаларын өзүнөн башка адамдар окуй албаган адамдардын жазганын көргөндөр Эсенбек агайдын кол жазмасын көргөн учурда машинка менен баскандай эле кабыл алчу. Бир ирет кайсы бир класстын физика китебин ал учурдагы “Мектеп” басмасы машинкага баспастан, агайдын ручка менен бадырайта жазган кол жазмасы менен түздөн-түз терүүгө жөнөткөнүн басма адамдарынын өздөрүнөн укканымда абдан таңкалган элем. Агайдын тыкан, иреттүү, өз орду менен иш кылган жана сүйлөгөн тартиби жана ички тазалыгы, этикасы жана тартиби ошондой өзгөчө сулуу кол жазмасын тастыктап турган сыяктуу. Анан да илгери Наполеон Бонапарт адистерин кол жазмасы менен сынаганы бекер эмес экенин да ушул агайдын мисалында түшүнсө болот деп ойлоп койдум.
Агайдын илимий ишке иреттүүлүк менен мамиле жасаганын дагы бир окуядан билдим. Бир ирет кайсы бир жерден бир журнал колума тийип калды. Карап барактасам, ичинде Эсенбек агайдын макаласы бар экен. Окуп, кызыгуум артып, журналды сурап алып, түз эле ишке келдим да, Эсенбей агайга кирдим. Журналды сунсам, ичин ачып карап көрдү да, шкафынын суурмасынан бир чоң дептерди алып чыкты. Алып чыгып, журналдагы макаланын атын, журналдын аты менен номерин, макала чыккан беттерин, иши кылса, библиографиясын толук каттап, анан жаап койду да, мага карап, “илимпоз адам ар бир эмгегин тактап-чоттоп, даректерин жазып, иреттеп жүрүшү керек, алтургай сен тууралуу ким эмне деп пикир айтса, макала жазса, баарын эсепке алып, чогултуп жүр. Аны сенден башка эч ким жасабайт” деди да, адатынча жылуу жылмайып койду. Анан заматта олуттуу боло калып, ошол макалада айтылгандар тууралуу кеп салып, илимий түшүнүктөр, түшүнүктөрдүн классификациясы, теги, түрү, аныктамасы, түшүндүрөмөсү, фактылар, алардын анализи менен синтези, ж.б. баарын мисалдары менен түшүндүрүп, өзүнчө эле чакан лекция окугандай болду.
Чынымды айтайын, агайдын ошол иреттүүлүк тууралуу сөзүнөн кийин мен өзүмдүн библиографиямды түзө баштагам жана бүгүнкү күнгө чейин улантып келатам.
2. “Илимге калп айтпа”
Албетте, биз, педагог окумуштуулардын дээрлик көбү “педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР эл мугалими, улуу устат Исак Бекбоевдин “шинелинен” чыкканбыз” деп сыйыктанабыз. Көрсө, ар бир тоонун өз бийиктиги болгон сыңары, ар бир устаттын да өзүнчө улуулугу менен бедели, наркы болот тура. И.Бекбоевден илимдеги башат менен салттуулукту, бийиктик менен тереңдикти, улуттук менен жалпы адамзат илиминин баалуулуктарын, устат менен шакирттикти, анан да бийик адамгерчиликти үйрөндүк. Э.Мамбетакунов агайдан болсо, ири алдыда, улуу устатты урматтап-сыйлоону жана баа берүүнү билдим, илимдеги иреттүүлүк менен бүйрөлүктү, илимге чынчыл болуу менен улам жаңыга умтулууну үйрөндүм десем болот. Анткени, ошол кездеги Эсенбек агайдын ар бир сөзү кулагымда жүрөр эле: “Алыкул акын “Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм” деп айткандай, илимпоз адам илимге калп айтпашы керек. Илимдин өзү турмуш. Турмуш менен байланышпаса, ал схоластика... Илимге илимий мамиле жасаш керек. Бир макалаңды экинчи макалаңа көчүрбө, бир макалаңдын шапкесиң өзгөртүп, көрүнгөн гезит-журналга суна бербе. Данеги болбосо, “мынча эмгек кылдым” деп корстон болбо. Ким болсоң да, филолог болсоң да, физик-химик болсоң да, педагогиканын теориясын билбесең, жакшы илимпоз боло албайсың...”.
Кеңеш айтарында бир аз сабыр тута калат да, “Манас” дастанынан эки сап айтып жиберет: “Атыңдын оозун бара бур, алдагы жерге тура тур, бала” деп жылмая карайт. Анан кебин улайт. Же болбосо, Мавляна Руминин керемет саптарынан үч-төрт куплетти чөнтөк дептеринен окуп жиберет... Же Омар Хайямдын рубайинен төрт сапты алдыңа таштап коёт. “Турмушуң өзү ушундай эмеспи. Туура айтамбы? Илим да ошондой” дейт оозун жыя.
Бир ирет Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгына арналган симпозиумда адамдык сапаттар жана инсандын өнүгүүсү менен баланын инсан болуп калыптынышы тууралуу баяндама жасап жатып, акын Тоголок Молдонун адам сапаттарын чечмелеген ырынан мисал келтире сүйлөдү. “Көрсө, - дейт агай, -- адамдын оң сапаттарына караганда терс сапаттары көп экен, андай болсо, бала тарбиясынын олуттуулугу, татаалдыгы ушунда турбайбы!...”.
Мына, педагогика илиминин алдында турган өзгөчө чоң милдет. Педагогика илиминин адам турмушу менен да байланышы ушунда... Анан бүгүнкү күндөгү бала тарбиясынан алыстап бараткан мектеп билимди, тарбиялык ишти унутуп, бир канча жылдар бою чет элдик долбоорлордун туткунуна кабылып, же андан натыйжа жок, канча жылдар бою билим берүүбүздү алга сүрөй турган бир дагы оңдуу технологиялардын болбогондугу биздин балдарыбыздын келечегине кандай таасир тийгизерин айтпасак да көрүнүп турбайбы дейм ичимден толгонуп.
3. Шакирттерине берген баа – алар үчүн дем, күч
Агайдын көп эле артыкчылыктарын көрүп билип, күбө болдум. Анын айрыкча бир сапаты: өзүнүн эле эмгектери менен шугулданып жүрө бербей, башкалардын да илимий эмегектерине көз салып, макалаларын окуп, окуп эле койбостон, баа берип, алтургай пикирин айтып, жакшы ниети менен каалоолорун билдирген сапатын айрыкча сөз кылса болот.
Бир жолу менин “Кыргыздардын тыюу жана буюруу сөздөрүнүн нравалык-этикалык маани-маңызы” аттуу макалам “Кутбилимге” чыгып калды. Анан эле үн салган телефонумду колума алып тыңшасам, Эсенбек агай экен. Учурашкан соң, менин алиги макаламды окуганын айтып, “жакшы макала жазыпсың, элибиздин менталитетине саресеп салып, анын маанисин жаштар биле жүрсүн деген ниетиң колдоого аларлык” деди да, олуттуу түрдө буларды кошумчалады: “Силер байкайсыңарбы-байкабайсыңарбы билбейм, менин баамымда, мага инимдей болгон төрт жигит барсыңар. Инимдей эле эмес, илимде атыңар бар жигиттерсиңер. Алар ким дейсиңби? Кыргыз тилчи, методист Жеңиш Чыманов, адабиятчы, методист Абдыкерим Муратов, кыргыз этнопедагогика илимине чыйыр салып келаткан Акматалы Алимбеков жана сен. Баатырлар, жакшы чыгып келатасыңар. Төртөөңөр жарыша чыгып келаткан жаңы күч, жаңы ысымсыңар! Төртөөңөрдүн жазган эмгектериңерди байкап, баалап жүрөм. Ушунуңардан жазбагыла!” деп жакшы пикирин балдирди.
Ошондо мындай ой кылт этти мага: азыркы учурда канча эмгектер чыгып жатат, тил боюнча, адабият жана тарых боюнча, же башка тармактар боюнча деле канчалаган китептер чыгууда. Бирок илимий чөйрөдө деле, мезгилдүү басма сөздө деле алардын бири тууралуу айтылган жарытылуу сөз угулбайт, талдап пикир айткан кеп, же жазылган макала жок. Адабиятта деле ошондой. Мындан бир канча жыл илгерки КР Эл Баатыры, акын Сооронбай Жусуевдин жаш акын-жазуучулардын дээрлик бир канчасына карыялык пикирин айтып, баасын берип, көңүлүн көтөрүп, ак батасын жолдоп, пикирин басма сөзгө чагылдырып турганы болбосо, адабий сын да жок.
Ошондой көрүнүштөн улам минтип ойлоого аргасыз болом, “өз эмгегинен, өз китебинен башканы окубаган жазуучу же илимпоз – өз таманын соргон аюудан эмне айырмасы бар?” деп. Же андай эмеспи?! Бул тараптан алганда, Эсенбек агайдын жогорудагыдай ою, жылуу пикири ини-шакирттерине сөзсүз дем-күч берет.
4. Илим менен билимдин туткасын кармаган адам
Дагы бир оюм менен бөлүшкүм келди. Агайдын канча аспиранты бар экенин сурабаптырмын, көп эле болуш керек. Ошолордун бири болуп, үчөөбүз чайканада түштөнүп калдык. Дээрлик үч саат бою шашпай отурдук. Агайдын аспиранты экөөбүздү алмак-салмак карап, кез-кез “тамактан алыңыздар” деп коюп, чай куюп берип, сөз тыңшап отурду. Соңунда гана “мен бир нерсеге таңкалганымды айтайынбы?” деди аспирант кыз башын чайкап. “Үч саат бою бир сүйлөм чарбачылык же саясат тууралуу кеп айтылбай, жалаң гана илим тууралуу сөз кылып отурдуңуздар. Бир ооз саясат сүйлөбөй, жалаң илим тууралуу сүйлөшүп отурса да болот тура...” деди.
Кыргызда “Коончудан коон алат, мергенчиден шыралга алат” демекчи, Эсенбек агайдай илимдин туткасын кармаган адамдан илим менен билимден башка дагы кандай сөздөрдү укса болот?..
Эсимде турганы жалган болбосо, Эсенбек агай 2002-жылга чейин Билим берүү академиясында (ал кезде Кыргыз билим берүү институту деп аталган жылдар эле) директордун орун басары болуп, Исак Бекбоев агай менен үзөңгүлөш иштеди. Ошол жылдары билим берүү тармагын “Маданият аркылуу билим берүү” деген модалуу идея аралап жүрдү. Ошол идеяны чын ниетинен да, илимий негизде да, билим берүү менен илимди турмуш менен байланыштыра карап тараткандардын башында ушул Эсенбек агай турду десем жаңылбасмын. Анткени ошол жылдарда “Кыргыз билим берүү институту – республикада билим берүүнүн мээси” деген пикир айтылчу. Кийин бир аңгемелешип калганда Эсенбек агай ал идеяны илимий негизде минтип түшүндүргөн: “Бул идея академик Д.Лихачёвдун руханий сабактарынан. Албетте, билимдердин суммасы маданиятты түзөт, анан да маданий баалуулуктар адамдын жандүйнөсүн байытат, андан билимге жетелейт”.
Эсенбек агайдын ошол көрсөтмөлөрү бизди кыйла ойлонткон, кыйла байыткан. Анын негизинде академияда жаңы концепциялар менен стандарттарды түздүк, жаңы программалар менен китептерди жаздык, ошондо ал идея бизге тирек, жөлөк, ишибизге данек болду. Мына ошондой данектүү эмгектеринин арасында агайдын өзүнүн 2010-жылы чыккан “Илимий баарлашуу (Научные общение”, Бишкек, 2010) жана “Психодидактиканын очерктери” (Бишкек, 2014) жана да “Педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы” (2017) аттуу китептери бар. Башка канча китептеринде окутуу менен тарбиялоонун канча көйгөйлөрүн козгоду, ошентсе да ушул аталган китептери мени көп нерселерге үйрөттү десем болот. Атап айтсам, “Илимий баарлашуу” аттуу эмгеги бүгүнкү күндөгү педагогикалык “Сократтык баарлашуу” сыяктуу туюлат. Ал чындыгында жанры боюнча педагогикалык сүйлөшмө. Сүйлөшмөдө илим менен билим берүүнүн ар кандай маселелери, атап айтканда, илимий-педагогикалык чөйрөдөгү кыбыр эткен иш-аракеттер, отурум-жыйындар, конференциялар, илимий ишмердүүлүктөр, илимий макала жазуу, аны талкуулоо, илимий ачылыштар, илим менен билим берүүнүн философиясы менен методологиясы, жаңычылдык менен салттуулуктар ж.б. багыттардагы проблемалуу маектешүүлөр кантип жүрөрү тууралуу таяныч-кеңештерди камтыган бул эмгек чынында баалуу.
Ал эми “Психодидактиканын очерктери” аттуу эмгеги изденүүчүлөр менен аспиранттар үчүн педагогика илиминин дүйнөлүк дөө-шааларынын жаңычыл эмгектеринин, ачылыштарынын жана жалпыга керектүү идеяларынын, ишмердиктеринин, эмгектеринин “ширеси” десе болчудай. Ал “шире” аты жана эмгеги белгилүү психолог-педагог окумуштуулар Л.Выготский, П.Гальперин, А.Усова, В.Давыдов, Л.Занков, Ю.Бабанский, М.Махмутов, В.Леднев, М.Скаткин, И.Лернер, А.Леонтьев, Ж.Пиаже, ж.б. элүүгө жакын инсандардын өмүрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн, урунттуу эпизоддорун камтыган педагогикалык очерктердин, албетте, кыргыз окумуштууларына керектүүлүгүн эч ким танбас. Ал эми “Педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы” аттуу эмгеги жаш илимпоздор үчүн илимий изилдөө ишин эмнеден баштоосу керек, анын илимий аппараты кандай болот, аны кантип уюштуруу, жүргүзүү жана жыйынтыгын чыгаруу керек (?) деген сыяктуу талылуу маселелер боюнча көрсөтмөлөргө бай.
5. Устаттын улуулугу – анын жөнөкөйлүгүндө
Эми дагы бир ирет артка кайрылайын. 1993-жылы мен “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алып калдым. Ал убакта Эсенбек агай андагы КирНИИПте директордун орун басары болуп калган. Октябрь айынын баш чени. Эртең менен билим берүү министрлигинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата жыйынга Эсенбек агай, анан дагы бир нече илимий кызматкерлер барып калдык. Жыйын өттү, соңунда бир канча адамдар өкмөттүк сыйлыктар, министрликтин төш белгилери жана грамоталар менен сыйланды. Жыйындын соңунда “КирНИИПтин жетекчилеринен барбы?” деп чакырып калышты эле, Эсенбек агай туруп барып, министрликтин жетекчилеринин биринен бир нерселерди алып кайтып келди да, “жүрү, кеттик” деди. Экөөбүз эшикке чыгып, “Ала-Тоо” кинотеатры тараптагы Эмен багындагы орундукка отурдук. Агай дипломат сумкасын ачып, “Сулайман, мына сага “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин беришти” деп менин төшүмө такты. Расмий жайда эмес, парктын ичинде такса да менин сүйүнгөнүмдү айтпа! Ал кезде мектептен келгениме аз эле жыл болуп, мектеп мугалиминин чоң сыйлыгын алып жатканым мага өзгөчө окуя болуп жатпайбы! Ансыз деле түш мезгили болуп калган, агай экөөбүз ал кездеги чоң ресторандын бири болгон темир жол вокзалынын жанындагы “Ак-Сай” ресторанына түштөнүүгө келдик. Шашпай тамактанып чыккан соң, агай мени үйүнө чогуу баруумду сунуштады. Макул болуп, агайдын үйүнө бирге жөнөдүк.
Ошол мүнөттөрдөгү көз ирмемдер азыр да менин эсимде: төшүмдөгү кичинекей ромбик төш белги күндөй жаркырап, элдин баары мени карап тургансып, сыймыктануу сезими таркай элек. Ошол сезим менен агайдын үйүнө кирип бардык. Агай адегенде үйүндөгүлөргө мени тааныштырып, алыскы Токтогул районунан илим деп келгенимден баштап, ошол күнү кесиптик майрам күнүнө карата менин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алганымды жарыя кылды. Айылдык мектепте жөнөкөй мугалим болгонума басым коё сүйлөп, ошол айылда бригадир менен башкарманын кол алдында чарбалык ишке жардам берип, бир колу менен мектепте балдарга сабак берип жүрүп, “Мугалимдер гезитине” үзбөй макала жазып жүрүп, анан КирНИИПке конкурс менен өткөнүмдү баса айтып жатты.
Ал кезде мындай окуя кадыресе кеп кылар, мактанар сөз экен да көрсө. Үйүндөгүлөрдүн баары мени куттуктап, мен көкөлөп отурдум. Бир кезде агай ойлуу болуп мени карады да, “Сулайман, тетиги шкафты ачсаң, бир кызыл кичинекей коробка бар, мага алып келчи?” деп жумшады. Мен айткан коробканы апкелсем, ичин ачты да, бир жалтыраган төш белгини алып мага сунду, “бул СССРдин эл агартуусунун отличниги” деген төш белги. Сен алдагы кичинекей немеге ушунчалык марданып атпайсыңбы. Андай нерсеге катуу сүйүнө бербе, ал эмес, СССРдин төш белгиси деле бир күнү кызыгы таркайт. Андан көрө, мындай темир-тезекке анча сүйүнбөй, мыкты илимий макала жаз, мыкты китеп жаз, мыкты эмгектериң менен элге көрүн. Ошондо сени мактасак болот, ошого сүйүнсөң болот...” деп коробкага төш белгисин салды да, кайра ордуна коюп койду. Мен эмне дээримди билбей, эсим эңгиреп отуруп калдым. Төшүмдөгү “темирдин” жанатан берки барк-баасы учуп кеткендей, ошого баятан мактанып отурганыма уялып кеттим. Агай аны сезди белем, мага жылмая карады да, кайра көңүлүмдү көтөрөр көп сөздөрүн айтып, жакшы каалоолорун билдирип, үйүмө узатты.
Ошондогу Эсенбек агайдын сөзүн эч унута албадым. Андан кийин канча сыйлык алсам да, канча наамдарды алсам да, Эсенбей агайдын баягы “мындай темир-тезекке анча сүйүнбө” деген сөзү эсимде турду. Агай өзү да ошондой наамдарга анча жулунбагандыгын, маани бербегендигин байкадым. Ал өзү да наамдарды, сыйлыктарды алгандагы сүйүнүчтөрүн, агайга айтылган урмат-сый сөздөрдү, мактоолорду өзүнүн жөнөкөйлүгү менен көтөрүп, токтоо болуп, татыктуу эмгеги менен билгизбей койгон өңдүү.
Бир кеп бар эмеспи, “Жапыз жердин дөңсөөсү тоо көрүнөт” деген. Көрсө, “жапыз” адамдар гана сыйлык-наамдарына бапыраңдап, мактанып, өзүнүн жапыз экенин билгизип коёт тура. Мен мактоолор менен көтөрүмдүүлүктү, наамдар менен ага татыктуулукту, бийиктик менен жөнөкөйлүктү улуу педагогдорубуз, окумуштуу инсандарыбыз, улуу устаттарыбыз Исак Бекбоевден көрдүм жана да ушул Эсенбек агайдан байкап келем. Анткени, ушул бүгүн И.Бекбоевден кийин эле педагогика илимин коён жатагына чейин билип талдай алган, анын ар бир категорияларын “чүкөдөй өкчөп” таасын билген, аны сөзү менен да, иши менен да далилдеп, жалпыга жаратуучу да, таратуучу да катары таанылган экөө болсо, анын бири, же бири болсо өзү дегендей атакка жеткен адам, жөнөкөйлүгү менен барктуу, адамгерчилиги менен даңктуу ушул Эсенбек агай!
Бар болуңуз, агай!
Сулайман Рысбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор,
КР эл жазуучусу
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн