Теке 08, 2024
Убакыт: 00:36
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Интернационал айылынын башчысы дагы деле барымтада кармалууда

01.05.2021 15:41
862
Интернационал айылынын башчысы дагы деле барымтада кармалууда


Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев дагы деле болсо Тажикстанда барымтада кармалууда. Маалыматты Баткен ОИИБинен тастыктады.


Аны бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.


Эске салсак, буга чейин Баткен облусунун Лейлек районунда Интернационал айылынын башчысын уурдап кетишкен деген маалымат чыккан. Маалыматты Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы дагы тастыктаган.


Маалымат боюнча, Жаңы-Жер айыл аймагынын борбордук айылынын айланасында Тажикстан Республикасына таандык аскердик техникалар эркин жүрүшкөн. Интернационал айылынын башчысы ушул ошол аймакка эки кыргызстандыктын өлүмүн тактоого барганда, тажиктер аны барымтага алышкан.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Тынчтыкка каршы кылмыш" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.


Бирок, Тажикстан бул билдирүүнү четке кагып, аны фейк жана чагымчыл деп атаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн