Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:54
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Интернаттарда балдар өз өмүрлөрүнө кол салып жатат, - депутат

27.05.2020 11:38
956
Интернаттарда балдар өз өмүрлөрүнө кол салып жатат, - депутат


Учурда интернаттарда балдар асынып алып жаткан фактылар катталып жатат, ошолорду караш керек, деп билдирди депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңеште бүгүн, 27-майдагы жыйынында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда.


Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, мыйзам долбоору мүмкүнчүлү чектелген балдарды окутууга жана коргоого, ошондой эле аларга билим берген мугалимдерди колдоого багытталган. 


Каржы министрлиги билдиргендей, бул мыйзам этап-этабы менен ишке кириши керек. Мыйзам толук ишке кириши үчүн жалпы жонунан 26 млрд сомдон ашык каражатты талап кылат. 2021-жылдын бюджети менен этап боюнча иштеп баштайт деген план бар.


Жогорку Кеңеште айтылган маалыматтар боюнча, учурда көзү азиз, дүлөй жана башка категориядагы майыптарды окутуп жаткан мугалимдердин айлык-акысы саатына жараша 33 пайызга чейин жогорулаган.


Депутат Руслан Казакбаев майыптар арасында учурда өзүнүн өмүрүнө өзү кол салуу, асынып алуу жана башка социалдык кейиштүү абалдар катталып жатканын билдирип, интернаттарда жетишсиз болуп жаткан компьютер каражаттары менен камсыздоо жана башка колдоолор боюнча өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн