Ош облустук милициясы интернет тармактарында “Жаш жубайлар баш кошушту”деген аталышта жарыяланган маалымат боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынан, Ой-Тал айылынын тургуну 2004-жылы туулган, билими орто Ой-Тал орто мектебинин 11-классынын окуучусу Н. кызы М. 2022 жылдын апрель айында ден соолугуна байланыштуу Кара-Кулжа райондук бейтапканасына даарылануу курсун өтөп бүтүп үйүнө чыгуу учурунда буга чейин болжолду 1 жыл аралыгында социалдык тармагында байланышып жакшы мамиледе болгон.
Тактап айтканда, ушул эле райондун Алайку айыл аймагынын Көк-Арт айылынын тургуну 2002-жылы туулган билими орто мектепти аяктаган М. уулу Н. уюлдук телефону аркылуу байланышка чыгып, аны башка бир атуулдар турмуш куруу максатында ала качууга ырастанып жатканын билдирип жогорудагы М. уулу Н. аттуу жаранды райондук ооруканадан алып кетүүсүн суранган. Ал атуул келип кызды Алайку айыл аймагынын Көк-Арт айылындагы үйүнө, өзүнүн ата-энесинин туруктуу жашаган үйүнө алып барган.
Ошол эле күнү кыздын апасы З.А. менен биргеликте Кара-Кулжа РИИБдин Кызыл-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кыз барган үйгө барып кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпестигин, баланын ата- энесине айтып түшүндүргөндө кызды өзү менен кошо үйүнө алып барган баланын ата-энеси анын өзүнүн каалоосу менен келгендигин билдирип, кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпегендигин билбегендигин айтышып эки тараптын ата-энелери өз ара макулдашып үстүбүздөгү жылдын август айында кыздын жаш курагы 18 жашка толгон соң үйлөнүү той беришин белгилеп ошол күнү кызга салт болуп калган кудаа түшүү жана кулак сөйкөсүн кызга салып кыздын апасына кошуп үйүнө жиберишкен.
Кыздын ата-энеси жана кыз тарабынан арыз жазуудан баш тартышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн