Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эркек баланы айлантып чапкан кичинекей кызга Айсулуу Тыныбекова жардам берүүгө даяр (видео)

02.09.2021 10:26
620
Эркек баланы айлантып чапкан кичинекей кызга Айсулуу Тыныбекова жардам берүүгө даяр (видео)

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда кичинекей балбан кыздын видеосу тарады.


Анда кыз күрөшкө чыккан эркек баланы айлантып чаап, эч мүмкүнчүлүк бербестен жеңип алган.


Бул видеого байланыштуу Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси балбан кыз Айсулуу Тыныбекова өз пикирин билдирип, кызга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.


"Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?

Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!
Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы",- деп билдирүү калтырган Тыныбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн