Интеренетте өзүн "ири компаниялардын биткоиндери жана акциялары менен күнүмдүк соодалоону" жүргүзүүчү биржалык иштин катышуучусу катары тааныштырган шылуун топ пайда болду. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар каражаттарды терминалдар аркылуу же Интернет-банкинг аркылуу банктык эсепке которуу сунушташат жана 8-12 сааттын ичинде пайыздарды кайтарып берүү убада кылышат.
Каражат шылуундардын эсебине түшкөндөн кийин алар изин суутуп, байланышты токтотот.
Кепилдик катары, шылуундар Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы тарабынан берилген лицензиянын сүрөтүн жөнөтүшөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн