Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Интерпол издеп жаткан Түркиянын жараны Кыргызстандагы ЖОЖдордун биринен кармалды

16.03.2020 17:07
674
Интерпол издеп жаткан Түркиянын жараны Кыргызстандагы ЖОЖдордун биринен кармалды


Түркияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн издөөдө жүргөн адам Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган А.С. аттуу Түркиянын жараны жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен интерпол тарабынан издөөдө жүргөн адам кармалды. Колго түшкөн адам Кыргызстандын аймагына 2018-жылы келген жана жогорку окуу жайлардын биринде кара жумуш менен алектенип жүргөн.


Шектүү соттун чечими менен 1 айга тергөө абагына киргизилди. Аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн