Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

«Ынтымак» жана «Бирге» партиялары шайлоого бирге барат

08.10.2021 11:22
856
«Ынтымак» жана «Бирге» партиялары шайлоого бирге барат



Биригүү тууралуу меморандумга "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев менен "Бирге" партиясынын өкүлү Бакыт Тентишев кол коюшту. 


Меморандумдун текстинде мындай деп айтылат: "Биз, төмөндө кол койгон саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоочуларыбыздын жана партияларыбыздын мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болуу аркылуу парламентаризмдин өнүгүшүн, демократиялык мамлекетти курууну, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө менен, жарандарыбыздын бакубаттыгы, тынчтык, туруктуулук жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликти алып, демократиялык принциптерге таянуу менен "Ынтымак" саясий партиясынын туусунун алдына тең шартта биригип, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу чечимин кабыл алдык". 


Меморандум түзүлгөндөн кийин Бакыт Тентишев "Ынтымак" саясий партиясынын тең төрагасы болуп шайланды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн