Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 06:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Инвесторлордон акча талап кылууга шектелгендер эки айга камакка алынды

28.09.2023 12:49
581
Инвесторлордон акча талап кылууга шектелгендер эки айга камакка алынды


Инвесторлордон опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган үч адам Бишкектеги №1 тергөө абагына 24-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-сентябрда чыгарганын, райондук соттун басма сөз кызматы 28-сентябрда кабарлады.

Ички иштер министрлиги 25-сентябрда чет элдик жаранды коркутуп 200 миң доллар талап кылган үч адам кармалганын билдирген.

Бул иш боюнча 25-сентябрда президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн