Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Инвесторлорго ыңгайлуу болуусу үчүн айрым документтер англис тилине которулат

23.05.2022 18:42
930
Инвесторлорго ыңгайлуу болуусу үчүн айрым документтер англис тилине которулат

Чет элдик инвесторлордун өлкөнүн негизги мыйзамдарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун алкагында бир катар ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосун даярдоону тапшырды.


Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет.

Чечимге ылайык, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдар жана инвестиция жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.


Документтер которулгандан кийин тексттер министрлер кабинети тарабынан таанылган расмий котормо катары бекитилет.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн