Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Иорданиянын консулдугу Кыргызстанга 8 млн сомго жардам көрсөттү (фото)

04.05.2020 09:12
1099
Иорданиянын консулдугу Кыргызстанга 8 млн сомго жардам көрсөттү (фото)



Иордания Хашимит Королдугунун Кыргызстандагы Ардактуу Консулу Аль-Саббах Карам Самир Адиб мырза COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө өзүнүн салымын кошту, деп билдирди Республикалык кычам штабдын басма сөз кызматы. 


Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 8 млн сомдук азык-түлүк жана жеке гигиеналык каражаттары катары гуманитардык жардам бүтүндөй Кыргызстан боюнча социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, медициналык кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн туруктуу жашоочуларына жана оор абалдагы топко кирген башка социалдык объектилерге берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн