Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Иракта үйлөнүү үлпөтүндө чыккан өрттөн каза болгон жана жаралангандардын саны 450дөн ашты

27.09.2023 11:56
1638
Иракта үйлөнүү үлпөтүндө чыккан өрттөн каза болгон жана жаралангандардын саны 450дөн ашты


Ирактын Кызыл Жарым Ай уюму X социалдык тармагында Ирактын түндүгүндөгү Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндөгү өрттөн 450дөн ашуун адам каза тапканын жана жарадар болгонун билдирди.


Уюмдун билдирүүсүндө: «Мосулдун чыгышындагы Хамдания районундагы үйлөнүү залында чыккан өрттөн каза болгон жана жаралангандардын саны 450дөн ашты".


Буга чейин Al Arabiya телеканалы Мосулдун чыгышындагы үйлөнүү үлпөт тойлорунун биринде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 120га жеткенин, 200дөн ашуун адам жаракат алганын билдирген.


Ирактын маалымат каражаттары полициянын болжолунда өрттүн чыгышына өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган жабык аймакта фейерверктердин колдонулушу себеп болгонун кабарлады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн