4-февралдан тарта Иран Беларусь, Катар, Кыргызстан, Мексика, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Сербия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарды. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Бигдели билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги 28 өлкөгө визаны алып салуу боюнча министрлер кабинети тарабынан бекитилген токтом тууралуу тиешелүү органдарга кабарлаган.
"Иранга туристтик максатта барган бул 28 өлкөнүн жарандарына 4-февралдан тарта виза керек эмес", - деп тактады Алиреза Бигдели.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн