Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Иран Оштогу «Кыргыз-иран достугу» спорт комплексинин курулушуна кайтарымсыз каражат бөлөт

06.04.2021 17:59
773
Иран Оштогу «Кыргыз-иран достугу» спорт комплексинин курулушуна кайтарымсыз каражат бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга келген Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, болуп өткөн кыргыз-иран саясий консультациялардын жүрүшүндө министр Казакбаев иран тарабынын 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн оор мезгилде өлкөгө бир нече жолу гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн, Ирандагы кыргыз жүк ташуучуларына чек аранын жабылышына байланыштуу жардам бергендигин, ошондой эле Ош шаарындагы «Кыргыз-иран достугу» спорт комплексинин курулушуна каржылык грант бөлгөндүгүн жогору баалады.

Министр ирандык кесиптешине КР саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы социалдык маанилүү долбоорлорун өлкөнүн ар кайсы региондорунда ишке ашырууну сунуш кылды. Ал Ирандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн айыл чарба, фармацевтика, кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетиканы өнүктүрүү тармактарын жигердүү инвестициялоого чакырды.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф өз кезегинде, транспорттук байланыштарды, анын ичинде мамлекеттер ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү аркылуу Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү зарылдыгына макул болуп, бул соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташуусунун, регионалдык коопсуздук жана Афганистандагы кырдаал, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги башка маселелерди талкуулашты.

Ирандын тышкы иштер министри Кыргызстандын тышкы иштер министрин Иранга расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн